• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жогорку Кеңеште фракциялар түзүлдү — тизме

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 29-декабрдагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйында фракциялар түзүлүп, лидерлердин ысымдары аталды.

“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы 33 депутаттан туруп, лидерликке Бакыт Төрөбаев шайланды.

Партиянын депутаттарынан тышкары фракциянын курамына төмөнкү бир мандаттуу талапкерлер кирди:

- Ырысбек Атажанов (Кадамжай району №3);
- Нурбек Алимбеков (Төлөйкөн району №8);
- Нурланбек Шакиев (Аксы району №17);
- Жусупбек Коргонбай уулу (Ноокат району №5);
- Улан Примов (Алай району №11);
- Элмурза Сатыбалдиев (Өзгөн району №12);
- Айбек Алтынбеков (Базар-Коргон району №15);
- Бактыбек Сыдыков (Ноокен району №16);
- Азизбек Турсунбаев (Ала-Букин району №18);
- Кундузбек Сулайманов (Токтогул району №19);
- Шаирбек Ташиев (Жалал-Абад округу №14);
- Ханджеза Карим (Москва округу № 23);
- Айбек Осмонов (Ош району №7);
- Улан Бакасов (Нарын району №33);
- Жаныбек Абиров (Ленин району №26);
- Медербек Саккараев (Чүй-Кемин району №31);
- Данияр Төлөнов (Куршаб району №10);
- Искендер Матраимов (Кара-Суу району №9).

“Ишеним” фракциясы өз партиясынын депутаттарынан турат, лидерликке Улукбек Ормонов шайланды.

“Ынтымак” фракциясы өз партиясынын депутаттарынан турат, лидери Марлен Маматалиев.

“Альянс” фракциясы алардын партиясынын депутаттарынан турат, лидери Алтынбек Сулайманов.

“Ыйман Нуру” фракциясы өз партиясынын депутаттарынан турат, лидери Нуржигит Кадырбеков.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясы өз партиясынын депутаттары, лидер Адахан Мадумаровдон турат.

Пикир

Оставить комментарий