• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жогорку Кеңештин депутаттары Польшадагы кыргызстандыктар менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Польшадагы кыргызстандыктар менен жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана депутаттар Гуля Кожокулова, Эльвира Сурабалдиева жана Айбек Маткеримов, ошондой эле Кыргызтандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев катышты.

Жолугушуу кыргызстандык аялдардын биринчи европалык форумунун алдында өтүп, Кыргызстан менен анын чет жерде жашаган мекендештеринин ортосундагы байланышты бекемдөөгө багытталган.

Өмүрбек Текебаев Польшадагы кыргыз диаспорасынын кыргызстандыктардын коомдук турмушунда гана эмес, өлкөлөр ортосундагы байланыштарды колдоодо да маанилүү ролун белгиледи. Ал ошондой эле чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерине токтолуп, Кыргызстан менен Германиянын кызматташтыгынын мисалында эки өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болгон түрдүү тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары Жогорку Кеңештин жана Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин өкүлдөрүнө кызыккан суроолорун берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Пикир

Оставить комментарий