• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук банктын иши менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. Кечээ, 12-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары – Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөлөрү Улуттук банкта болушту. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарына Улуттук банктын акча-кредит саясатын жүзөгө ашыруу, финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, өлкөнүн төлөм системасынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу сыяктуу негизги функциялары жана милдеттери жөнүндө маалымат берилди, ошондой эле банк мыйзамдарын КР Конституциясына ылайык келтирүүнүн алкагында Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталган мыйзам долбоорлору тууралуу маалымдалды.

Улуттук банктын төрагасы К.Боконтаев өз сөзүндө акыркы мезгилде дүйнө жүзүндө орун алган геосаясий тобокелдиктердин жогорулашынан улам, жагымсыз жагдайдын сакталып турушуна байланыштуу акыркы окуялар коомчулуктун Улуттук банктын ишине өзгөчө кызыгуусун жараткандыгын белгиледи. Көрсөтүлгөн шарттар өлкөдөгү ички экономикалык процесстерге, анын ичинде керектөө бааларынын динамикасына тышкы чөйрөнүн терс таасири үстөмдүк кылган факторлордон болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында депутаттар акча-кредит саясаты жана инфляциянын монетардык тобокелдиктерин ооздуктоо ыкмалары, ошондой эле Кыргызстандын банк жана төлөм системаларынын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча суроолорона Улуттук банктын өкүлдөрүнөн толук жооб алышты.

Комитеттин төрагасы Д.Толонов учурда орун алып турган геосаясий кырдаалда тышкы финансы рынокторунда Улуттук банк тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын маанилүүлүгүн белгилеп, Улуттук банк алдында финансы-банк тутумунун туруктуулугун камсыз кылуу, ошондой эле өлкөнүн финансылык мекемелерине калктын ишенимин сактап калуу боюнча жооптуу милдет турат деп кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын аймагында жүгүртүүдөгү акча белгилери жана монеталар, ошондой эле тарыхий жана нумизматикалык баалуулукка ээ башка баалуулуктар сакталган, Улуттук банктын нумизматикалык музейинде болушту.

Пикир

Оставить комментарий