• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Анталияда кыргыз жарандарынын Түркияда жүрүүсүнө байланышкан актуалдуу маселелер талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.11.23./Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Ырысбек Атажанов жана Айбек Маткеримов Анталия шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз жарандарынын Түркияда жүрүүсүнө байланышкан актуалдуу маселелер кеңири талкууланды.

Жолугушуунун катышуучулары өлкөдө болуу шарттарын жеңилдетүү, виза алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, медициналык жана башка социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маселелерин көтөрүштү.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев аталган маселелерди чечүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берип, ошондой эле миграциялык саясатты жөнгө салууга багытталган иш-чараларга токтолду.

Өз кезегинде, мекендештер кызыккан суроолоруна Жогорку Кеңештин депутаттарынан жана Башкы консул Рустам Кошоновдон жоопторду алышты. Кыргызстандыктардын жеке кайрылуулары жана сунуштары эске алынып, андан ары кароого кабыл алынды.

Белгилей кетсек, жолугушуу ЖК төрагасынын караштуу Миграция жана адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча кеңешинин делегациясынын Анталия шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында өттү.

Пикир

Оставить комментарий