• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жумабеков баштаган делегация ТүркПАнын катчылыгынын иши менен таанышты

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 21.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) катчылыгына барды.

Жогорку Кеңештин делегациясы ТүркПАнын азыркы учурда жүргүзүп жаткан иши менен таанышып, катчылык тарабынан мерчемделген иш-чаралар тууралуу маалымат алды. Ошондой эле аталган Парламенттик ассамблеянын келечеги жана өнүгүү багыты талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ассамблеянын башкы катчысы А. Мамаюсупов делегация мүчөлөрүнө үстүбүздөгү жылдын 20 – 22 - ноябрь күндөрү Түркиянын Измир шаарында өтүүчү ТүркПАнын 8-пленардык жыйынына карата көрүлүп жаткан даярдык иштери тууралуу маалымат берди.

Андан соң Төрага баштаган эл өкүлдөрү катчылыктын бакчасына дарак көчөтүн отургузуу аземине катышты.

Пикир

Оставить комментарий