• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жыл башынан бери Бишкекте балдарга карата 103 зомбулук фактысы катталган

Коом 0

Бишкек, 13.12.22. /Кабар/. Жыл башынан бери Бишкек шаарында балдарга карата зордук-зомбулук жана кордоо боюнча 103 факты катталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.

Анын айтымында, зордук-зомбулук көбүнчө оор абалда жашаган үй-бүлөлөрдө же мигранттардын балдарына карата болот.

“Мындай учурларда үй-бүлө менен иштөөнүн жеке планын түзүп, керек болсо баланы алып салышат. Бирок, көпчүлүк учурда үй-бүлөлөрдү турмуштук оор кырдаалдан чыгарууга болгон аракетибизди жумшап, социалдык-психологиялык жардамдарды көрсөтөбүз”, - деди ал.

Вице-мэр балдарга карата зордук-зомбулук фактыларынын көпчүлүгү жаңы конуштарда катталганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий