• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жыл башынан бери Жалал-Абад облусуна 1,4 млрд сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. 2023-жылы 8 айында Жалал-Абад облусу боюнча республикалык бюджеттин эсебинен 1 млрд 461,9 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражат төмөндөгүдөй каржыланды:

- теңдөөчү трансферт – 372,4 млн сом;
- ыйгарым укуктарды берүүгө – 36,4 млн сом;
- электр энергия болгон 50% компенсацияга – 16,8 млн сом;
- жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 18 млн сом;
- айыл өкмөттөрдүн башкы планына – 69,0 млн сом;
- Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө – 949,3 млн сом.

Мындан тышкары, Капиталдык салымдар беренеси боюнча 189 объектиге 1 млрд 60 млн сом жумшалды.

Пикир

Оставить комментарий