• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

10-мартка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Эртең, 10-мартта Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10, Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7, Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жала-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12 градус жылуу болушу күтүлөт.

Эртең, 10-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 7...9 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий