• 88.68
  • 95
  • 0.95

13-июнда Кыргызстанда жамгыр жаайт

Коом 0

Бишкек, 13-июнь /Кабар/. 13-июнда Кыргызстанда маал-маалы менен жамгыр жаап, чагылган түшөт. 12-15-июнга чейин күтүлүп жаткан катуу жамгырдан улам, өлкөнүн дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт. Арыктын жээктерин суу алып кетиши мүмкүн.

Бишкекте жана Ошто бүгүн күндүзү жамгыр жаап, чагылган түшөт.

Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз маал- маалы менен жамгыр жаап, чагылган түшсө айрым тоолуу аймактарда каар жаайт.

Эртең 14-июнда, республика боюнча маал-маалы менен жамгыр жаап, чагылган түшөт. 15-июнда тоолуу аймактарда жана тоого жакын жерлерде жамгыр жаап, бийик тоолуу райондордо каар жаайт.

Абанын температурасында олуттуу өзгөрүү болбойт.

Пикир

Оставить комментарий