• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

16-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 15.01.19. /Кабар/. Эртең, 16-январда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр аралаш кар жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көлдүн чыгышында бороон болушу мүмкүн. Жолдорго муз тоңот.

Чүйдө абанын температурасы түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7, ал эми Талас облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7.

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8 градус, Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...10, күндүз 0...5, Нарын облусунда түнкүсүн -18...-23, күндүз -8...-13 градус суук болот.

Эртең борбор калаабыз Бишкекте жамгыр аралаш кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0 …-2, күндүз 4…6 градус болот .

Пикир

Оставить комментарий