• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

18-апрелге карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-апрелде, Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 26…31 градус, Таласта 24…29, Ысык-Көл облусунда 9…24, Нарында 20…25 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын табы күндүз 28…33 градуска чейин ысыйт.

Бишкек шаарында күн ачык болуп, күндүз 27…29 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий