• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бүгүн Төө-Ашуудагы туннелден өтүүгө коюлган чектөө алынат

Коом 0

Бишкек. 02.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 2-августта саат 16:00дө Төө-Ашуу ашуусундагы туннелди оңдоо иштерине байланыштуу коюлган чектөө алынат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми туннелдин фасадын көрктөндүрүү иштери башталат, ал учурда эч кандай чектөөлөр коюлбайт.

Белгилей кетсек, буга чейин Транспорт министрлиги туннелди оңдоо иштери 6-августка чейин созула турганын, бирок иштер мөөнөтүнөн мурда аяктаганын маалымдаган.

Пикир

Оставить комментарий