• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

2017 жылы КР Өкмөттүн Аппаратына өлкөнүн жарандарынан 7 миңден ашуун кайрылуу келип түшкөн

Өкмөт 0

Бишкек, 16.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн Аппаратына 2017-жылы жарандардан 7 миң 837 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 2 миң 651и оозеки жана 5 миң 186сы кат түрүндө түшкөн. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Алардын ичинен 1 миң 110у – электрондук түрдө, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасы аркылуу 886 кайрылуу түшсө, анын ичинде:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан – 271;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен – 653;

- КМШга мүчө-мамлекеттерден жана алыскы чет мамлекеттерден 29 кат келип түшкөн.

Эң көп кайрылуулар Бишкек, Чүй жана Жалал-Абад аймактарынын тургундарынан келип түшкөн. Кайрылуулардын көбүнчөсу социалдык жана турак жай маселелерине байланыштуу.

Коомдук кабылдамага кайрылган 1273 жарандын ичинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилиги тарабынан 346 адам кабыл алынган.

Калк менен иш алып барууда бардык техникалык мүмкүнчүлүктөр – электрондук почта, Интернет маалымат тармагы, телефондук байланыш, факс, ар бир жаран өз оюн калтыра ала турган «kattar.kg» порталы пайдаланылат. Зарыл болгон учурда кайрылуулар жеринде каралууда.

Терс чечим кабыл алынган учурда, иштеп жаткан мыйзамга таянуу менен негиздүү жооп берилет. Үзгүлтүксүз түрдө жарандардын кайрылуу себептерин аныктоо боюнча талдоо иштери жүргүзүлөт, кайрылууларды кароо боюнча талаптар күчөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий