• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

2019-жылы мамлекеттик ипотека программасы боюнча 1 млрд сомго 694 насыя берилди – экономика министри

Экономика 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. 2019-жылы мамлекеттик ипотека программасы боюнча 1 млрд сомго 694 ипотекалык насыя берилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.

Ал белгилегендей, Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын программасы боюнча жалпы 4 миң 566 ипотекалык насыя берилип, ал 5 млрд 335,46 млн сомду түзгөн.

"Анын ичинен 2019-жылы мамлекеттик ипотека программасы боюнча 1 млрд сомго 694 ипотекалык насыя берилди", - деди ал.

Министрликтин маалыматы боюнча, "Социалдык ипотека" программасы боюнча Керемет банкы аркылуу 1, 054 млрд сомго 723 насыя берилген. Учурда кезекте 4 миң үй-бүлө турат.

Пикир

Оставить комментарий