• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

«Кумтөр голд компанинин» эсебинде $1,7 млрд болгон – Бөлтүрүк

Экономика 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. «Кумтөр голд компанинин» эсебинде 1,7 млрд доллар болгон, бул каражатка жеткиликтүүлүк Centerra Gold Inc. тарабынан жабылган. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде компаниянын убактылуу тыштан башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк билдирди.

Анын айтымында, «Кумтөр голд компанинин» (КГК) бардык эсептери Centerra Gold Inc. тарабынан көзөмөлдөнөт жана алар өчүрүлгөн, эсепте жетишерлик көп акча болгон.

“2021-жылы 18-мартта КГК директорлор кеңешинин акыркы жыйыны болгон, жыйындын протоколуна ылайык, компаниянын эсебинде 1,3 млрд доллар болгон жана ага кошумча 2020-жылга 400 млн доллар Кумтөрдүн таза кирешеси которулган. Алар биз үчүн жеткиликсиз болуп калды. Ошондуктан кызматкерлердин айлык маянасын өз убагында берүү үчүн казып жаткан алтындарды сатуу чечими кабыл алынган. Бул милдетти ийгиликтүү чечтик, 15-июнда айлык маяналар берилди. Кызматкерлердин маанайы жакшы”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий