• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

АФКнын кубогу: тайпалык оюндардын командалары белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Борбордук Азия аймагында футбол боюнча Азия футбол конфедерациясынын кубогунун тайпалык оюндарынын командалары белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Тайпалык оюндарга тажикстандык "Истиклол", түркмөнстандык "Алтын Асыр" жана кыргызстандык "Дордой" командасы кирди.

Жакында Кочкор-Атадан "Нефтчи" командасы менен тажикстандык "Худжанд" командасы оюн өткөргөн. Бирок "Нефтчи" командасы жеңилип калган. Мындан улам, "Худжанд" тайпалык оюндарга төртүнчү команда болуп кирди.

Тайпалык оюндар 11-мартта башталат.

Пикир

Оставить комментарий