• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

21-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 21.12.22./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 21-декабрда республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жакын Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда 0...-5, Талас облусунда +1...+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +4...+9, Ысык-Көл облусунда +3...+8, Нарын облусунда -5...-10 градус суук, ал эми Бишкек шаарында +3...+5 жана Ош шаарында +7...+9 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий