• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Аймак 0

Бишкек, 21.12.22./Кабар/. Жалал-Абад шаардык мэриясынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы болуп Таласбек Нуралиев дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы жетекчини эмгек жамаатка Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев жана мэриянын аппарат жетекчиси Эрнист Зияйдинов тааныштырды.

Таласбек Нуралиев 32 жашта. Жалал-Абад шаарында төрөлгөн. Кесиби дене тарбия мугалими жана юрист.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаардык мэриясынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысынын милдетин буга чейин Болот Ибраимов аткарып келген.

Пикир

Оставить комментарий