• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында муктаж жарандарга көмүр таратылды

Аймак 0

Бишкек, 21.12.22./Кабар/. Жалал-Абад шаарында муктаж жарандарга көмүр таратылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 100 мүшөк көмүр Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы тарабынан “Жалал-Абад Тазалык”, “Жалал-Абад Сууканал” муниципалдык мекемелеринде иштеген, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылды.

Белгилей кетсек, буга чейин Жалал-Абад шаардык кеңешинин “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын депутаттары өздөрү шайланган участоктордогу аз камсыз болгон шаар тургундарына акысыз көмүр таратышкан.

Пикир

Оставить комментарий