• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

24-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 23.07.18. /Кабар/. Эртең, 24-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын тоолуу райондорунда гана күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Нарын облустарында жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 25...30,

Талас облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 25...30,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19...24, күндүз 31...36,

Баткен облусунда түнкүсүн 18...23, күндүз 32...37,

Нарын облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 28...33,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 25...30.

Эртең Бишкекте өткүн өтүп турат. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 28…30 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий