• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

25-июнга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 24.06.18. /Кабар/. 24-25-июнда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;

Баткен облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;

Талас облусунда т түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда ттүнкүсүн 10…15, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24 градус болот.

Эртең Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16 градус, күндүз 26-28.

Пикир

Оставить комментарий