• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

27-майга чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 22.05.19. /Кабар/. Эртең, 23-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

23-майда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

24-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.

25-майда болсо көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

26-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-майда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

27-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

28-29-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

23-25-май күндөрү Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат;

23-майда түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт.

23-майда күндүз жана 24-майда жаан-чачын күтүлбөйт.

25-майда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Ал эми 23-25-май күндөрү Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы тууралуу кыскача маалымат;

23-майда түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт.

23-майда күндүз жана 24-майда жаан-чачын күтүлбөйт.

25-майда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чеийн жетет.

Пикир

Оставить комментарий