• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

29-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 29.12.22./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 29-декабрда Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, ал эми дыйканчылык аймактарында жана башка облустардын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй жана Талас облустарынын аймагында +3...+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +6...+11, Ысык-Көл облуснда +2...+7, Нарын облусунда -6...-11 градус болору айтылды. Ал эми Бишкек шаарында +5...+7, Ош шаарында +8...+10 градуска чейин көтөрүлөрү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий