• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

3-июлга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 03.07.23./Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 3-июлга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +30…+35, Талас облусунда +25…+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облусутарында +32…+37, Ысык-Көл, Нарын облустарында +23…28 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында +33…+35 градуска жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий