• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

АКШда жол кырсыгынан каза болгон жарандын сөөгү эртең Кыргызстанга жиберилет

Кырсык 0

Бишкек, 03.07.23. /Кабар/. АКШда жол кырсыгынан каза болгон жарандын сөөгү эртең Кыргызстанга жиберилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, учурда бул маселе боюнча КРнын АКШдагы элчилиги жана Чикагодогу Башкы консулдугу тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Алдын ала маалыматтарга караганда, маркумдун сөөгүн шейшемби күнү жакын туугандарынын коштоосунда жөнөтүү пландалууда.

Бул маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жеке көзөмөлүндө турат.

Белгилей кетсек, АКШда жашап жана иштеген кыргызстандык Элнура Молдокадырова социалдык тармактагы баракчасы аркылу 42 жаштагы Б.С. аттуу жарандын трагы башка жүк ташууну унаа менен кагышкандыгын билдирген. Ал Филадельфиядан кетип бара жаткан. Кыргызстандык жаран алган жараатынан улам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий