• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

3-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 03.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 3-октябрда күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарында күндүз 15…20, Таласта 12…17 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын табы күндүз 19…24 градуска жетет.

Бишкек шаарында күндүз жаан жаашы ыктымал, күндүз 16…18 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий