Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. 31-декабрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.
Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 6...11, Талас облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз 5...10 градус болот.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 7...2, Нарын облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -1...-6 градус суук болот.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын темперутурасы түнкүсүн 0...-5, күндүз 7...12 градус жылуу болушу ыктымал.
31-декабрда борбор калаабыз Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз 8…10 градус жылуу болот.
Пикир
Оставить комментарий