• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

4-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. 31-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт. 1-январда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот, тоолуу райондорундагы жолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

2-январда жана 3-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

3-январда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлсө, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

4-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий