• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

9-августка чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 02.08.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 9-августка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, эртең, 3-августта Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

4-августта Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

5-августта болсо тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

6-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 7-августта күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 3-4-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 8-августта кургак, ысык аба ырайы сакталып турат.

9-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Пикир

Оставить комментарий