• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кырсыктан кийин из жашырып кеткен айдоочулар арбын. Милиция жарандарга кайрылды

Коом 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын башынан бери Бишкек шаарынын аймагында катталган кырсыктан кийин из жашырып кеткен айдоочулар тууралуу 181 факты катталган.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, алардын 104тү милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү тарабынан табылган. Калган 77 факты боюнча издөө иштери уланууда.

Ошондуктан Бишкек шаардык милициясы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жарандардан көчөдө жол кырсыгы катталган учурларда көңүл кош карабастан, "102" номерине же кайгуул милициянын нөөмөт бөлүмүнө караблоону өтүнөт: 0509 102 122 (WhatsApp).

Кайгуул кызматы Бишкек шаарынын аймагында “Коопсуз шаар” долбоорунун видео көзөмөлдөрү толук орнотулбагандыктан, жол кырсыгынан кийин качып кеткен айдоочуларды издеп табууда жөнөкөй жарандардын да көмөгү чоң экендигин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий