• 88.68
  • 95
  • 0.95

Абдылдаев Нью-Йоркто Индиянын жана Түштүк Кореянын ТИМ башчылары менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. 30-сентябрда Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясынын аянтчасында Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Индиянын ТИМ башчысы Сушма Сварадж жана Корея Республикасынын ТИМ башчысы Кан Ген Хва менен кыска жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КРнын тышкы саясат ведомствосунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Түштүк Кореянын ТИМ башчысы Кан Ген Хва менен сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар саясий диалогду бекемдөө, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамиленин өнүгүүсүнө динамика берүүнү талкуулашты.

Кыргыз тарап Кореянын өкмөтүнүн Кыргызстандын шайлоо системасынын жакшыруусуна көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Индиянын ТИМ башчысы С.Сварадж менен жолугушуу учурунда тараптар Индиянын ТИМ башчысынын Кыргызстанга август айында болгон сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий