• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Абылгазиев «Мюнхен» аэропортунун делегациясы менен кызматташуу маселелерин талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 17.06.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Мюнхен» эл аралык аэропортунун башкаруучу директору Ральф Гаффал баштаган делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аэропорттук инфратүзүмдөрүн жана аба ташууларын өнүктүрүү тармагында кызматташуу маселелери талкууланган.

Өкмөт башчынын айтымында, республиканын транспорттук логистикасын кеңейтүү жана жүргүнчүлөрдү ташуу көлөмүн көбөйтүү боюнча максаттарга жетүү, ошондой эле учуулардын коопсуздугун камсыздоо авиация тармагын өнүктүрүү жаатындагы артыкчылыктуу иш багыттары болуп саналат.

Ошону менен бирге туризмди өнүктүрүү жана өлкө аймагы аркылуу учуулардын географиясын кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасы бир жактуу тартипте бардык каалоочу авиакомпанияларга «Бешинчи даражадагы аба эркиндиги» укугун берген.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, бүгүнкү күнү Өкмөт эл аралык финансы институттары менен биргеликте «Манас» Эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун аэропортторун өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке киргизүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө.

Башкаруучу директор Ральф Гаффал баса көрсөткөндөй, «Мюнхен» эл аралык аэропорту «Манас» аэропортунун инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча долбоорду биргелешип ишке ашырууга, аны менен катар Кыргыз Республикасынын эл аралык мейкиндиктеги оң имиджин илгерилетүүгө кызыкдар.

Анын айтымында, «Манас» аэропортунун географиялык жайгашуу жана инфратүзүмдүк артыкчылыктарынын аркасында биздин өлкөнүн туризм жана ишкерликти өнүктүрүү потенциалы чоң.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Манас» Эл аралык аэропорту» ААК жана «Мюнхен» эл аралык аэропортунун ортосунда аэропортту Борбор Азиядагы кубаттуу аба транспорттук түйүнүнө айлантуу максатында сүйлөшүүлөрдү активдештирүү жана кызматташуунун оптималдуу багыттарын табуу тууралуу макулдашылган.

Маалымдама: «Мюнхен» эл аралык аэропорту Германиядагы жүргүнчүлөрдү тейлөө саны боюнча Франкфурт-на-Майне аэропортунан кийинки экинчи аба майданы болуп эсептелет.

2018-жылы аэропорт 46,3 млн жүргүнчүнү тейлеген. Аэропорт дүйнөдөгү эң көп сандагы – 264 багытка каттайт жана «Lufthansa» немец улуттук компаниясы үчүн негиз болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий