• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Абылгазиев жана Эрдоган «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине барышты

Өкмөт 0

Бишкек, 02.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана өлкөгө бүгүн, 2-сентябрда, эки күндүк расмий сапары менен келген Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине барышты. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин коштоосунда 1916-жылдагы кайгылуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун мемориалына гүлчамбар койду.

Өкмөт башчы жана Түркиянын Президенти ошондой эле жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө барышып, анда куран окулду.

Пикир

Оставить комментарий