• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Адабиятчы Абдылдажан Акматалиевдин чыгармачылыгынын 50 жылдыгы белгиленди

Коом 0


Бишкек, 15.01.19. /Нуржигит Бейшебаев – Кабар/. Адабиятчы Абдылдажан Акматалиевдин чыгармачылыгынын 50 жылдыгы жана илимий ишмердигинин 40 жылдыгы белгиленди. Бүгүн белгилүү окумуштуу жана Айтматов таануучунун туулган күнү. Ал 63 жашка чыгып отурат. Маданий иш-чара Кыргыз академиялык драма театрында өтүп, ага коомчулуктун көрүнүктүү өкүлдөрү, белгилүү окумуштуулар жана маданият менен адабият тармагынын өкүлдөрү катышты. А.Акматалиевдин атына КР Президенттинин, Жогорку Кеңештин жана Кыргыз өкмөтүнүн атынан куттуктоо сөздөр айтылды.

Адабиятчы жана илимпозду Кыргызстандагы окуу жайлардын ректорлору, кесиптештери жана коомчлуктун башка өкүлдөрү да куттукташты.

Президент Сооронбай Жээнбековдун атынан куттуктоону президенттин кеңешчиси, жазуучу Султан Раев окуп берди. Президент адабиятчынын өмүр жолу "Манас" эпосун жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөгө арналганын белгилеген.

"Элүү жылдык чыгармачылыгыңыз кош канат куштай: бир канатыңыз Манас болсо, экинчи катаңыз Айтматов. Акындык жана илимпоздук жашоодогу өмүрлүк сапарлашыңыз катары ийгиликке жеткирди. Өлкөнүн жана эл аралык сыйлыктардын лауреаты, биринчи жана экинчи даражадагы "Манас" ордени менен эмгегиңиз бааланды. Бул ардактуу наамдар менен сыйлыктар сиздин илим жаатында Манас жана Айтматовго арнаган талыкпас мээнетиңиздин үзүрү жана баасы. Көптөгөн адабий эмгектериңиз жана монографияларыңыз дүйнөлүк окурмандардын кызыгуусун жаратып келет. Улут маданиятына эл үчүн ак кызмат өтөп элибиздин көрүнүктүү адамына айландыңыз. Илим дүйнөсүн ийне менен казган сиздин жолуңуз - сыймыктуу жол", – деп айтылат куттуктоодо.

Ошондой эле өз куттуктоосун Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жолдогон. Төраганын өзүнүн жана парламенттин атынан жазылган куттуктоосун Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси Саматбек Ибраев окуп берди.

"Дүйнө бир айылчага айланган доордо илим менен чыгармачылыкты айкалыштыруу көпчүлүктүн колунан келе берген эмес. Илим кенин казып жаштайынан чыгармачылык жана агартуучулук багытта тынбай эмгек кылган сиздей эр-уулдар баарыбызга үлгү. Өмүр жолуңузда жүздөгөн илимий иштерди жазып, көптөгөн чыгармачыл эмгектерди жараттыңыз. Андыктан сиздин кыргыз илиминде жасаган эмгектериңиз бүгүнкү күн үчүн эле эмес келечек үчүн да мааниси өтө жогору", – деп айтылат куттуктоо сөзүндө.

Академикке куттуктоо айткандар анын эмгекчилдигин, Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөдөгү эмгегин белгилешип, чыгармачылык ийгиликтерди каалап өтүштү.

Чыгармачыл кеченин расмий бөлүгү аяктагандан кийин манас айтылып, төкмө акындар жамаганын төгүп, концерттик иш-чара өттү.

Белгилей кетсек, Абдылдажан Акматалиев Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтун жетектеп келет. Анын адабиятчы-изилдөөчү катары негизги эмгектери айтматов таанууга, манас таанууга, кыргыз фольклорун иликтөөгө арналган. Ал 37 монография, китептердин, 600 ашуун макала-маектердин автору.

Пикир

Оставить комментарий