• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Адылбек Касымалиев "Ала-Арча" паркында жалпы республикалык ишембиликке катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 10.06.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев КР президентинин администрациясынын кызматкерлери жана президенттин Иш башкармалыгынын жетекчилиги жана кызматкерлери менен биргеликте "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында жалпы республикалык ишембиликке катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, ишембилик президенттин “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” жарлыгын жана “Жашыл мурас” улуттук кампаниясын ишке ашыруу максатында социалдык инфраструктураны, санитардык абалды жакшыртуу, шаарларды жана калктуу конуштарды жашылдандыруу максатында өткөрүлдү.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда республика боюнча ишембиликтер өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий