• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Айдаркен шаарында жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 25.09.18. /Кабар/. Айдаркен шаарында жеке ишкер Зийнат Султанова жеке каражатына шаардагы кароосуз калган имаратты капиталддык ремонттон өткөрүп жаңыдан балдар бакчасын ачты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Ондоп түзөө иштерине жалпысынан 4 млн сом кеткен. Натыйжада 50 орундуу, заман талабына жооп берген бардык шарты бар балдар бакчасы иштеп баштады. 10 адам жумуш менен камсыз болду.

Аталган шаарда буга чейин 2 гана мамлекеттик балдар бакчасы иштеп турган. Шаар калкынын санын өсүшү менен жаңы балдар бакчасын ачуу муктаждыгы жаралган эле.

Балдар бакчасынын ачылуу аземине катышкан өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, жеке ишкердин бул аракетин, шаардын өнүгүүсүнө жана келечек муундун татыктуу таалим тарбия алуусуна кошкон зор салымы деп баалап, ыраазычылыгын билдирүү менен балдар үчүн сыналгы белек кылды.

Бүгүнкү күндө облус боюнча 153 балдар бакчасы болсо, анын ичинен жетөө жеке менчик. Бала бакчага тартылган балдардын саны 18786, бул тиешелүү курактагы жалпы балдардын 35,66%ын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий