• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

«Айтматовдун мен окуган чыгармасы». Окуучулар арасындагы дилбаян жазуу сынагы жыйынтыкталды

Маданият 0

Бишкек, 30.05.19. /Кабар/. «Айтматовдун мен окуган чыгармасы» аталышындагы окуучулар арасындагы дилбаян жазуу сынагы жыйынтыкталды.

Жаштар арасында китеп окуу маданиятын калыптандыруу, окуучулардын руханий байлыгын жогорулатууга багытталган сынакка өлкө боюнча 8-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышкан.

Сынакка жалпысынан 100дөй дилбаян келип түшкөн, натыйжада алардын ичинен мыкты жазылган 49 дилбаян тандалып алынып, калыстар тобунун сынына коюлган. Мыкты деп табылган 8 жеңүүчүгө жакында атайын белектер тапшырылат.

Сынак Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев тарабынан демилгеленип, уюштуруу тобун «РухЭш» сайтынын чыгармачыл жамааты колго алган.

Аталган иш-чара өспүрүмдөрдүн көркөм ой толгоо жөндөмүн арттырып, кыргыз тилинде дилбаян жазууга шыктандыруу максатында уюштурулган.

Жеңүүчүлөдүн тизмеси:

1

Аксы району, Кум айылы. №32 Орозбай Көчкөнов орто мектебинин 8-классынын окуучусу Жыргалбаева Айдай

“Эрте келген турналар”

2

Алай районун Терек айылындагы

К. Султанов атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу Жумабек кызы Перизат

“Бахиана”

3

Нарын облусунун Нарын районунун Эчки-Башы айылындагы Ж. Иманалиев атындагы орто мектептин 10-классынын окуучусу Жолдошбек уулу Бектур

“Гүлсарат”

4

Баткен областы, Баткен шаары, Кызыл-Жол орто мектеби,

8-а класс. Бакытбек уулу Кутманбек

“Жамила”

5

Балыкчы шаарындагы №4 гимназия мектеби, 11-б классынын окуучусу Алтынбекова Бегайым

“Кыямат”

6

Жусупова Риза

“Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”

Бишкек шаарындагы Айдаркан Молдокулов атындагы №5 Улуттук компьютердик гимназиянын 11-классынын окуучусу Асакеев Элхан Адилетович

“Тоолор кулаганда”

Балыкчы шаары, № 4 гимназия мектеби, 8-а классы,

Карагулов Акылбек Алтынбекович

“Ак кеме”

7

№4 гимназия мектеби,

8-а классынын окуучусу Райымбек кызы Мээрим

“Ак кеме”

8

Ош обл., Алай району, № 35 Сатар Карыев атындагы орто мектептин 8-классынын окуучусу Кадырбаева Нураида

“Саманчынын жолу”

Балыкчы шаары, №4 гимназия-мектеби, 10-«А» класстын окуучусу Мирлан уулу Сыймык

“Делбирим”

Пикир

Оставить комментарий