• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Айыл чарба министрлигинин жетекчилиги COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 13.07.21. //Кабар/. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин жетекчилиги COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, министр Аскарбек Жаныбеков, министрдин орун басарлары вакцинанын экинчи дозасын алышкан. Бүгүнкү күндө борбордук кеңсенин 50 пайызы коронавирус инфекциясына каршы вакцина алышты, калгандары кабыл алууда.

"Мындан сырткары, министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары, райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана жалпы министрликтин кызматкерлери катталган ооруканалардан коронавирус инфекциясына каршы ыкчам эдөөнү башташты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий