• 86.8
  • 91.85
  • 0.85

АКШ: судья мигранттарды Мексикага кайтарууга тыюу салган чечим кабыл алды

Дүйнө 0

Бишкек. 09.04.19 /Кабар/. Сан-Францискодогу федералдык судья Ричард Зийборг АКШдан башпаанек сурап кайрылган адамдарды кайрадан мажбурлап Мексикага кайтарууну убактылуу токтотуу тууралуу буйрук чыгарды. Ал мындай чечимди укук коргоочулар федералдык өкмөткө каршы доо арыз жазгандан кийин кабыл алды.

Доогерлер Дональд Трамптын администрациясы качкындарды Мексиканын чек арага жакын кооптуу шаарларына жөнөтүү менен америкалык жана эл аралык укукту бузуп жатканын билдиришүүдө. Алардын айтымында, кайра артка жөнөтүлгөн мигранттар ал жактарда юридикалык жардам жана берген арызы боюнча угуулар тууралуу маалыматтарды ала албай калышат.

Судьянын чечими 12-апрелде күчүнө кирет. Ага чейин Трамптын администрациясы ал боюнча даттана алат.

Мексика чек арасы аркылуу өтүп, башпаанек сураган адамдарды артка кайтаруу тууралуу жаңы эрежелер быйыл январда күчүнө кирген. Аны бир күн мурда кызматтан кеткен АКШнын ички коопсуздук министри Кристьен Нильсен ишке ашырган. Анын максаты — Мексика чек арасы аркылуу келген мигранттардын агымын азайтуу болгон.

Март айында Гватемала, Никарагуа жана Сальвадор өлкөлөрүнөн АКШга келген мигранттардын саны акыркы он жылдан берки эң жогорку чекке жетип, алардын 100 миңи кармалган.

Бул эрежелер күчүнө киргенге чейин АКШдан башпаанек сураган адамдарга арызы каралганга чейин өлкөдө калууга уруксат берилип келген.

Пикир

Оставить комментарий