• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Акыйкатчы институту: Москва районунун сот аткаруучусуна тартиптик жаза чарасы колдонулду

Коом 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. КР Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсүнөн кийин Москва районунун сот аткаруучулар бөлүмүнүн сот аткаруучусуна тартиптик жаза чарасы колдонулду. Бул тууралуу Акыйкатчынын катчылыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) наамына жаран К.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда жазылгандай, мурдагы күйөөсү М.К. 19 миң сом ашыкча төлөгөндүгүн айтып, алимент өндүрүү боюнча соттун чечимин аткарбай, убактылуу төлөөдөн баш тарткан.

Москва районунун сот аткаруучусу К.Назаралиев. М.К. га алимент боюнча карызкорго эч кандай доосу жок экендиги тууралуу арыз жазып берүүнү суранган. Өз кезегинде ал арыз жазгандан баш тарткан, анткени бул чындыкка дал келбейт. 2021-жылдын май айынан бери К.Мнын мурдагы күйөөсү алимент төлөгөн эмес. Ал эми сот аткаруучу К.Назаралиев ага карата эч кандай чара колдонгон эмес.

Арызды кароонун алкагында КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аппараты КР Жогорку сотуна караштуу Сот департаментине кат жөнөткөн.

Сот департаментинен 2021-жылдын 15-октябрындагы Тартип комиссиясынын чечими менен Чүй облусунун Москва районунун сот аткаруучулар бөлүмүнүн сот аткаруучусу К.Назаралиевге карата "эскертүү" түрүндөгү тартиптик жаза чарасы колдонулганын жазган жооп келди.

Акыйкатчы институту алимент төлөө маселеси дагы эле актуалдуу экенин белгилеп, 11 айдын ичинде балдардын жана аялдардын укуктарын коргоо бөлүмүнө 200дөн ашык арыз түшкөнүн, алардын көбү алименттик укук мамилелерине байланыштуу даттануулар экенин белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий