• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акылбек Жапаров ЕРӨБ президенти жана ЕРӨБ БА башкаруучу директору менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 06.11.21. /Кабар/. «Европа Биримдиги – Борбордук Азия» биринчи экономикалык форумунун ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти Одиль Рено-Бассо жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азиядагы директору Жужанна Харгитай менен эки тараптуу жолугушуусу орун алды. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, ЕРӨБ экономиканын артыкчылыктуу тармактарында долбоорлорду ишке ашырууга олуттуу колдоо көрсөткөн Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү боюнча маанилүү өнөктөшү болуп саналат.

Тараптар суу менен камсыздоо жана канализация, коомдук транспорт жана энергетика чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады.

«Учурдан пайдалануу менен Сизден экономиканын приоритеттүү тармактарын өнүктүрүү боюнча өлкө үчүн маанилүү, жаны долбоорлорго колдоо көрсөтүүңүздү өтүнөм. Биздин өлкө үчүн стратегиялык максаттарды жана жүргүзүлүп жаткан жана алдыга белгиленген реформаларды ишке ашырууда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу абдан маанилүү»,- деди Акылбек Жапаров.

Атап айтканда, жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасынын энергетикалык секторундагы абалга байланыштуу маселелерди талкуулады. Альтернативдик жана энергиянын жаңыланып туруучу булактарына өтүүгө басым жасалды.

Өз кезегинде ЕРӨБ жетекчилиги маалымдагандай, кубатуулуктарды генерациялоодо чон тажрыйба бар жана уюм долбоорлорду даярдоодо консультациялык кызмат көрсөтүүгө даяр.

Жолугушуу соңунда тараптар Финансы министрлиги жана ЕРӨБ ортосунда «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын инфраструктурасынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча долбоорду даярдоого карата өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумга, Финансы министрлиги жана ЕРӨБ ортосунда «Кыргыз Республикасындагы климатка туруктуу суу менен камсыздоо» долбоору боюнча сүйлошүүлөр Протоколуна кол койду.

Пикир

Оставить комментарий