• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров “Газпромбанк” АКнын төрагасынын орун басары менен биргелешкен долбоорлорду талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 27.03.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Газпромбанк” акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Алексей Матвеев баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда министрлер кабинетинин төрагасы 22-мартта көп сандагы адам курмандыктарына алып келген “Крокус Сити Холлдо” болгон трагедияга байланыштуу россиялык делегацияга көңүл айтты.

Тараптар республиканын энергетика, жол куруу, мамлекеттик сатып алуулар, банктык коштоо, лизингдик кызмат көрсөтүүлөр жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү инфраструктуралык долбоорлорун каржылоо маселелерин талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы бул жолугушуу Кыргыз Республикасы менен “Газпромбанктын” мындан аркы эффективдүү өз ара аракеттенүүсүнө кошумча түрткү берерин белгилеп, эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө башка инструменттерди киргизүүгө даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде башкармалыктын төрагасынын орун басары Алексей Матвеев биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө токтолуп, банктык коштоо жана лизингдик кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү учурларга өзгөчө көңүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий