• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акылбек Жапаров жана «Ronesans Healthcare Investment Co. Inc.» компаниясы МЖӨ алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Ronesans Healthcare Investment Co. Inc.» компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чаранын жүрүшүндө тараптар мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө МЖӨ механизми актуалдуу бойдон калууда жана республикада анын өнүгүшүнө дем берүү максатында тиешелүү мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган, МЖӨ алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча текшерүүлөрдү чектөө боюнча мыйзам долбоору иштелип чыккан жана долбоорлордун портфели жогорулатылды.

«МЖӨ долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырууга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлөөрүн белгилегим келет. Бүгүнкү күндө биздин артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири – ак ниет бизнестин жана чет элдик инвесторлордун демилгелерин жана долбоорлорун колдоо», - деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы.

Тараптар МЖӨ алкагында ишке ашырууга мүмкүн болгон долбоорлордун бири катары көп тармактуу оорукананын курулушу маселесин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий