• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акыркы 4 күндө Баткенге 120 тонна гуманитардык жүк жөнөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 04.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Акыркы 4 күндө Баткенге 120 тонна гуманитардык жүк жөнөтүлдү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн алдында "Баткенге көмөк" штабы 3-майда чек ара чырынан жабыркагандарга 25 тоннадай жардам жиберди.

“Ошондой эле ар бир облустан гуманитардык жардамдар жиберилип жатат. Баткенде келген жүктү бөлүштүрүү үчүн атайын комиссия түзүлгөн”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 189 адам жабыркап, алардын 36сы набыт болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 107 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн, 4 соода түйүнү, 4 соцобъект жана 5 башка мамлекеттик имарат күйгөн жана жабыркаган.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Бүгүн, 4-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Тараптар мамлекеттик чек ара тилкесинен аскер техникаларын чыгарып кетүү иштерин аякташты.

Баткен районунун Орто-Боз айылында Коргоо министрлигинин саперлор тобу буга чейин жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүүдө. Буга байланыштуу министрлик чек ара аймактарында жашаган кыргызстандыктардан жарылуунун үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөөнү суранат.

Пикир

Оставить комментарий