• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акыркы маалыматтар: Дагы 1 330 адамдан COVID-19 табылып, 11 бейтап көз жумду

COVID - 19 0

Бишкек, 12.07.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда 12-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 330 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында – 890, Ош шаарында – 18, Чүй облусунда – 116, Ош облусунда – 41, Талас облусунда – 15, Нарын облусунда – 23, Ысык-Көл облусунда – 46, Жалал-Абад облусунда – 71, Баткен облусунда – 110 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 763 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 412, Ош шаарында – 24, Чүй облусунда – 130, Ош облусунда – 40, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 72, Баткен облусунда – 50, Нарын облусунда – 5 бейтап айыгып чыкты", - дейт ал.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 6, Чүй облусунда 2, Ош облусунда бир, Талас облусунда бир, Жалал-Абад облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 694 бейтап, амбулатордук түрдө 14 миң 240 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 42 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 5 миң 920 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 154 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 140 мин 978 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 118 миң 711 киши айыгып чыкса, 2 миң 113 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий