• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Алай районунда жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Алай районунда жер титирөө катталды, - деп билдирет ӨКМдин маалымат кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 13-февралда саат 23:41де Ош облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Алай районунун Нура айылында 3 балл, Иркештам, Икизяк айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий