• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Аламүдүн районунда 186 млн сомдук айдоо аянты мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. Аламүдүн районуна караштуу Васильевка айыл өкмөтүндө жалпы аянты 307,5 гектар болгон айыл чарба багытындагы сугат айдоо жери муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Чүй облустук прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, аталган тилкелерге карата укук тастыктоочу жана укук күбөлөндүрүлгөн документтери алынбай калгандыгы аныкталган.

Натыйжада жол берилген мыйзам бузууларга карата прокурордук акты келтирилип, кароонун жыйынтыгында 186 млн 277 миң 534 сомго бааланган айдоо жери муниципалдык менчикк кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий