• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Аламүдүн районунда бир нече уурулукка шектүүлөр кармалышты

Коом 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Аламүдүн районунда бир нече уурулукка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Арашан айылынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 2021-жылдын 1-ноябрь күнү анын темир дарбазасын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси ("Уурдоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү жарандар жүргөн автоунаа аныкталып, жыйынтыгында жогорудагы уурулукка шектелип, 1997-жылы туулган Т.Н., 2001-жылы туулган С.А. жана 2004-жылы туулган П.Б. аттуулар кармалышкан.

Териштирүү учурунда уурдалган буюмду темир өткөрүүчү жайга сатып жиберишкени маалым болгон. Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында, кармалган шектүүлөр Аламүдүн районунун аймагында дагы ушул сыяктуу 10 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталып, алардын экөөсү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда шектүүлөрдүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий