• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Алмаз Ибраев билим берүү министринин кеңешчиси болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 23.11.22. /Кабар/. Ибраев Алмаз Орозакунович билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Алмаз Ибраев кеңешчи болуп дайындалганга чейин “Силк Лейк Инвестмент” ЖЧКсынын аткаруучу директору жана Эл аралык билим берүү жана изилдөө борборунун директору болуп иштеген.

Алмаз Ибраев КР президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин мүчөсү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий