• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Алымкадыр Бейшеналиев Исламабадда пакистандык кесиптеши менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 11.01.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев пакистандык кесиптеши Надим Ян менен жолукту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуу Пакистандын Исламабад шаарында өтүп жаткан Саламаттык сактоо тармагындагы коопсуздук боюнча Глобалдык саммиттин алкагында өттү.

Анда эки өлкөнүн ортосунда медициналык билим берүү системасын уюштуруу жана жогорку медициналык окуу жайлардын ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле саламаттык сактоо, медициналык билим берүү жана фармацевтика тармагындагы байланыштарды өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун жаңы перспективалары каралды.

Жолугушууда Пакистандын саламаттык сактоо министри Надим Ян Кыргызстандагы медициналык университеттерде билим алган пакистандык студенттер тийиштүү деңгээлде билим албай, Пакистанга келгенден кийин аттестациядан өтө алышпайт деген пикирин билдирди. Ошондуктан бул маселени чечүү үчүн кызматташып, биргелешкен күч-аракет жумшоо ниетин билдирди.

Алымкадыр Бейшеналиев өз кезегинде Кыргызстандагы тиешелүү билим бербеген медициналык ЖОЖдордун ишин текшерүүгө, ошондой эле зарыл болгон учурда мындай ЖОЖдордун студенттерин алардын талабы боюнча башка окуу жайларына которууга даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары, Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстан менен Пакистандын саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты жемиштүү улантуу, атап айтканда, медициналык билим берүүнү өнүктүрүү боюнча кызматташуу боюнча меморандумду иштеп чыгууну сунуштады.

Өз кезегинде Пакистандын саламаттыкты сактоо министри алар өз тарабынан Пакистандын Медициналык кеңеши менен бирге медициналык билим берүү маселелерине байланыштуу кызматташуу меморандумуна кол коюу сунушун кароого даяр экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий